Анара Мадиева — Арчалар дале жаш бойдон



Скачать
Слушать


Автор
  • Анара Мадиева
  • Жанр
    Битрейт 147 кбит/с
    Размер 2,816 MB
    Кол-во скачиваний 701


     

     

    Анара Мадиева — Арчалар дале жаш бойдон — текст песни

     

     

     

    Карагат үзгөн гүлүмдөй
    Ары күндөр калды капкайда
    Арчалуу бетти этектеп
    Айылдаш конгон чак кайда
    Кайда кайда калды кайда
    Эңсеткен ошол жаз кайда

     

    Күлүктү минип туйлатып
    Жылкы айдап түштүң маңдайдан
    Кымыздын гүлүн андагы
    Кете элек али таңдайдан
    Бирге болгон бирге болгон
    Конуштар эчак саргайган

     

    Кулундай туйлап жарышып
    Ышкыным терген бел кайда
    Саамайды көккө сапырып
    Ойлогон эрке жел кайда
    Кайда кайда калды кайда
    Сен кайда бүгүн мен кайда

     

    Ал күндөр келбей кетсе да
    Айрылбайт үмүт жакшы ойдон
    Өзгөртүп мезгил тагдырды
    Өмүрдөн өтсөк тап бойдон
    Бирге болгон биз ойногон
    Арчалар дале жаш бойдон

     

     

     

     

    Поделиться в соц. сетях




    Другие песни этого автора:




    Похожие песни:


    Добавить комментарий

    Ваш e-mail не будет опубликован.