Бакас — Акым жок — текст песни
Күтүүсүз бир келген сүйүүдө менде күнөө жок
Айтайлап мен сени таштаганга дагы акым жок
Жароокер жарым сен жүрөктү өрттөп анчалык
Ашыкча кызганба алым жок
Өмүрдө өзүңсүз жазым жок
Таарынтып анан да ыйлатканга сени акым жок
Сүйөмүн десе да күтөмүн десе да башкалар
Жаным сен мен үчүн эки дуйного барабар
Түшүнүп жашайлы түтөтпөй турмуштун түйшүгүн
Ойноп кетүүгө мен оюм жок
Артка кайтууга да жолум жок
А сени кадырлап сыйлабаска менин акым жок
Ар бир төрт мезгилде, сен деген сезимде жалган жок
Жылуулук тартуулап сен болсон жанымда арман жок
Жалганды чын кылып, жашоону чыр кылгандар учун
Ишендирбеске мен аргам жок
Актанууга сөзүм калган жок
А бирок мен сени бактылуу кылбаска акым жок