Бегимай Карабаева - Таң шооласы

Бегимай Карабаева — Таң шооласы



Скачать
Слушать


Автор
  • Бегимай Карабаева
  • Жанр
    Битрейт 128 кбит/с
    Размер 2,999 МБ
    Кол-во скачиваний 233


    Текст песни — Бегимай Карабаева — Таң шооласы

    Жаштык кетет кайрылбай,
    Өткөн күндөн айрылбай.
    Артык эле көптүн сырлары,
    Үмүт гана жалдырайт.
    Үнсүз тиктейт жалбырак,
    Кечки сулуу сезим кылдары.
    Ансыз кыска өмүрдө,
    Кайгы калат көңүлдө.
    Бир сен эмес жүргөн адашып,
    Мейли бул ыр өчпөсүн,
    Жаштык курак өтпөсүн,
    Бул жашоодо дайым жанашып.

    Кайрма:
    Таң шооласын төккөндө,
    Күн жүзүмөн өпкөндө.
    Жашоо кайра жанданып,
    Кайрылуу жок өткөнгө .

    Оомат бакыт бир келет,
    Ойной турган күн келет.
    Көз отуңдан жашың тамбасын,
    Жаным агат кан агат.
    Келсе аруу махабат,
    Бул жашоодо көңүл калбасын.
    Бир көрүүнү сагынбай,
    Ойго чөмүп жалынбай.
    Айтчы жаным жаштык сырларын,
    Аккан суудай тунуксуң,
    Көлдөй терең улуксуң,
    Таңкы сезим сүйүү кылдары.

    Кайрма:

    Поделиться в соц. сетях




    Другие песни этого автора:




    Похожие песни:


    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *