БЕК БОРБИЕВ — ЖАШТЫК АЙ



Скачать
Слушать


Автор
  • Бек Борбиев
  • Жанр
    Битрейт 233 кбит/с
    Размер 6,082 МБ
    Кол-во скачиваний 4107


     

     

    БЕК БОРБИЕВ — ЖАШТЫК АЙ — текст песни

     

     

    Жыгылдым, сүзүлдүм, жыдыдым, көп күйдүм,
    Чыйралдым сенден, жаштык, ай.
    Ойнодум, көп күлдүм, ойлонбой көп жүрдүм,
    Арман жок сенде, жаштык, ай, сенде, жаштык, ай.

     

    Унуткус күн калды, уйкусуз түн калды,
    Өткүндөй белең, жаштык, ай?
    Тергетер сүр калды, термелип гүл калды,
    Жашыл жаз белең, жаштык, ай, жазым жаштык, ай?

     

    Кайырма:
    Жакшысын жакшыдай, жаманын жамандай,
    Жаштыктан көрдүк ылгабай.
    Бирде тез, бирде жай, аттиң, ай, аттиң, ай,
    Кетеби бизден алыстай? Ай, жаштык, жаштык, ай?
    Ай, курган мастык, ай, өткөрдүк сени барктабай.
    Күчтөнөм, күчтөнөм, мен эми күүлөнөм,
    Отузга оңой алдырбай, жазым жаштык, ай.

     

    Сыздатар заары жок, чыны бар, жалган жок,
    Таза элең дайым, жаштык, ай.
    Жакшы бар, жаман жок, сага айтар арман жок,
    Кайыр кош эми, жаштык, ай, менден жаштык, ай.

     

    Кайырма:
    Жакшыдай, жаманын жамандай,
    Жаштыктан көрдүк ылгабай.
    Бирде тез, бирде жай, аттиң, ай, аттиң, ай,
    Кетеби бизден алыстай? Ай, жаштык, жаштык, ай?
    Ай, жаштык, жаштык, ай,
    Ай, курган мастык, ай.
    Өткөрдүк сени барктабай,
    Күчтөнөм, күчтөнөм, мен эми күүлөнөм,
    Отузга оңой алдырбай, кырк жашка жеңил алдырбай.
    Отузга оңой алдырбай, элүүгө жеңил алдырбай.

     

     

     

    Поделиться в соц. сетях




    Другие песни этого автора:




    Похожие песни:


    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *