Чач тарачка барууда маршруттук кагаз толтуруу керек

 

Чач тарачка барууда маршруттук кагаз толтуруу керек

 

 

Чач тарачка барууда маршруттук кагаз толтуруу керек. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

«Чач тарач, дарыкана, дүкөндөргө маршруттук кагаз менен баруу керек. 10-майдан кийин кандай болору мамлекеттик орган, республикалык штабдан гана эмес, жарандардан көз каранды. Биз өзүбүздү кантип алып жүргөнүбүзгө, коронавирустун жайылышы токтотулганына жараша кадимки турмушка кайтып келебиз», — дейт Боронов.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө 1-майдан тарта иштей баштай турган ишканалардын тизмеси бекитилип, алардын катарына чач тарачтар жана сулуулук салондор кирген .

 

 

Поделиться в соц. сетях

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.