Дамира Ниязбекова — Жолугабыз аз кундо — текст песни
Көлдүн жээги, копко журдук салкындап,
Жайдар мүнөз, жаз күнүндөй жаркылдап.
Жумшак шамал бетти аймалап сыласа,
Майда толкун жээкке урунуп шарпылдап.
Кошкун дедиң көпкө чейин кол булгап,
Кете бердим пароходдо кол булгап
Эми алысмын куса болуп сагынып,
Бирок дагы бирге жүрөт тамашаң.
Түбөлүктүү, өмүрүмдүн шериги,
Сени сүйүп, жалгыз сени жаратат.
Ашыктыгым ого бетер артылат,
Сагынганда сүрөтүңө карасам.
Ар бир кыял, мүнөздөрүң көңүлдө,
Унутпастан ойлойм өзүң жөнүндө.
Сары алтын түбү келип сабырдын,
Сагынуумдун зардабына жеңилбе.
Аз күн калды жолугушчу убакыт,
Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде.