Добр - Алгачкы сүйүү

Добр — Алгачкы сүйүү



Скачать
Слушать


Автор
  • Добр
  • Жанр
    Битрейт 128 кбит/с
    Размер 4,275 МБ
    Кол-во скачиваний 343


     

    Добр — Алгачкы сүйүү

    Алгачкы ак сүйүүм,
    Алгачкы тун сүйүүм,
    Алгачкы сүйүктүүм,
    Элесиңден сүйкүм.
    Ал, ал менин алгач сүйүүм, ал,
    Ал дагы эле турат күйүп, ал,
    Ал эми күнү-түнү элесиңди сүйгөм,
    Ал махабатым, ак сүйүүм ал,
    Кайталангыстай бүгүн ал,
    Эми элес гана эсимдеги,
    Жанымда эмессиң, бирок унута албайм сени.

    Өмүрүмдү келет сени менен сүргүм,
    Сени менен гана менин алгач сүйүүм.
    Өмүрүмдү келет сени менен сүргүм,
    Алгачкы махабатым, аппак сүйүүм.

    Ал менин алгачкы ак сүйүүм,
    Алгачкы тун сүйүүм,
    Алмашкыс сүйүктүүм,
    Элесиңден сүйкүм…

    Жөнөкөйлүгү сөзүнөн көрүнүп турат,
    Көзүнөн, жүзүнөн жылдыз учуп тартып турат өзүнө,
    Кыялы өзгөчө ар бир адамга жагымдуу,
    Алгачкы сүйүүм, сени эстен келбейт өчүргүм.
    Мен сени сүйгөм, бирок айта алчу эмесмин,
    Убакыт өттү бир топ, эми жалгыз эмессиң.
    Бирок менин жүрөгүмдө болосуң түбөлүк,
    Түбөлүк сүйүүм сага арналат, сүйгөнүм.

    Жаным, сени мен эч качан унута албайм, унута албаймын сени
    Унута албай кыйналам бир гана өзүңдү мен.

    Алгачкы ак сүйүүм,
    Алгачкы тун сүйүүм,
    Алмашкыс сүйүктүүм,
    Элесиңден сүйкүм.

    Көз алдымда турасың эстен кетпей,
    Дагы эле издейм сени же издемиш боломбу калп эле?
    Билем бирок мен сенин кайда экениңди,
    Айта турган сөзүмдү айта албаймын эми. .

    Поделиться в соц. сетях




    Другие песни этого автора:




    Похожие песни:


    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *