Гулжигит Сатыбеков — Өсө бер балам — текст песни
Кандай бакыт
Балдарыңдын ойногону
Кандай бакыт
Кылыгына тойбогонуң
Атакелеп апакелеп
Моюнуңа оролгону
Жаратканым өмүрүңдү берсе экен
Келечегиң жакшы өмүр сезсе экен
Баатыр болуп
Жоокер болуп
Мекениңе чептей бекем
Кайырма:
Өсө бер балам
Эр жеткин аман
Ошону каалайм
Садагам аман бол балам
Балапаным канаттарын талбаса экен
Аргымагым байгесинен калбаса экен
Аман бол адам бол
Ачуу турмуш таппаса экен