Изатбек Амиракулов — Асманда ай сызат — текст песни
Асманда ай сызат,
Ал аябай жай сызат,
Дүйнөгө адамзат.
Бир жолу жаралат,
Сүйгөнүм, сүйгөнүм
Мен сени сүйөмүн…
Сүйбөсөң кантейин эми
Бар болсо түгөйүң.
Сүйгөнүм, сүйгөнүм.
Мен сени сүйөмүн,
Капкара кашындан,
Кундуздай чачындан
Ашыктым мен сага.
Он алты жашымда.
Сүйгөнүм сүйгөнүм,
Мен сени сүйөмүн,
Сүйбөсөң кантейин эми?
Бар болсо түгөйүң (2)
Сүйүү бул өмүргө баш ийбеген.
Сүйүү деп нечен жаштар калуу жеген.
Миң мертебе акылымдан таңсам да
Таштабасмын сүйгөнүмдү талаага
Сүйгөнүм сүйгөнүм,
Мен сени сүйөмүн, (алтыным жүрөгүм)
Сүйбөсөң кантейин эми?
Бар болсо түгөйүң. (4)