Кумар Алдаяров — Ат — Башым — текст песни
Айтылуу жерим Ат башы
Атактуу ак сай арпасы
Арашан чыккан аталык
Ат башы жердин башкасы
Кайырма:
Ынтымак бер деп элиме
Ырыскы ток деп жериме
Алыстан тиктеп акмалап
Ала тоо жатат кериле
Тоолордо бышып карагат
Туркун жыт анкып тагалат
Булдуркон четин арчасын
Жургонго сонун аралап
Тоо бетин бербей Карагай
Туркун куш учат сабалай
Аркары кийик эчкисин
Турамын кантип самабай