Кыргызстанда орозо качан башталары белгилуу болду

 

 

Кыргызстанда орозо качан башталары белгилуу болду

 

 

Орозо 24-апрелде баштала турганын Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

 

Маалыматта муфтият эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбасын пайдалануу менен жана коңшу Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүнүн Дин башкармалыктары менен кеңешкени айтылат. «Шарияттын көрсөтмөлөрүнө жана изилдөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, Рамазан айы ушул жылдын 24-апрелинде башталат деген чечим кабыл алынды. Көрсөтүлгөн күн айдын чыгышына карап бир күнгө айырмаланышы мүмкүн», — дешти муфтияттан.

 

Буга чейин муфтий Максатбек ажы Токтомушев ыйык Рамазан айы карантинге туш келерин айтып, орозону үйдөн кармоого чакырган болчу. Коопсуздук үчүн ооз ачуу жана намаздар үйдөн окулушу керектиги белгиленген.

 

Эскерте кетсек, өткөн жылы Орозо айынын биринчи күнү 6-майга туура келип, айт 5-июнда болгон.

 

 

Поделиться в соц. сетях

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *