Кызсайкал Кабылова — Атыныз жашайт ( 2020 ) — текст песни
Аткан ок болчу насааты,
Адамдын эле тазасы.
Акылын айтып жалпыга,
Асылын иштин жасачу.
Кайырма:
Тирүүлүк деген күрөштө,
Шам болуп күйгөн үммөткө.
Атыңыз Чубак ажы деп,
Жашайсыз өлбөй жүрөктө.
-2-
Жамандын оюн кыйратып,
Жакшыга жаркын сый катып.
Күлкүгө бөлөп турчусуз,
Кеттиңиз кайда ыйлатып?
-3-
Элиңиз сыздап таба албайт,
Эми ким динди баяндайт?
Сан кылым чубап өтсө да,
Сиздей жан кайра жаралбайт…
Чубактай ажы жаралбайт…