Май айындагы эс алуу кундору (2020 жылда)

 

 

май айындагы эс алуу кундору

 

 

Май айында кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алышат.

 

Анын айтымында, эгер Кыргызстанда карантин 30-апрелде бүтсө, мамлекеттик кызматта иштегендер жумушка 6-майда чыгышат. «1-майдагы майрам жума күнгө туш келип калат экен. Андан соң 2-3-май ишемби, жекшемби. 11-майдагы эс алуу күнү 4-майга жылдырылган. Себеби 9-май ишемби күнгө туш келип калгандыктан, дүйшөмбү 11-май эс алуу күнү болмок. 5-май кайра майрам болгондуктан, маморгандар жумушка 6-майда чыгып калышат. Ал эми 11-майда кадимкидей иш күнү», — деди Ойтемиров.

 

Эске салсак, Кыргызстандын төрт шаары жана төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда кечки саат 9.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат иштейт.

 

 

Поделиться в соц. сетях

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.