МИРБЕК АТАБЕКОВ & АЛТЫНАЙ НАРБАЕВА — МЕН СЕНИ СУЙОМ, ОМУР



Скачать
Слушать


Автор
  • Алтынай Нарбаева
  • Мирбек Атабеков
  • Жанр
    Битрейт 192 кбит/с
    Размер 6,157 МБ
    Кол-во скачиваний 18504


     

     

    МИРБЕК АТАБЕКОВ & АЛТЫНАЙ НАРБАЕВА — МЕН СЕНИ СУЙОМ, ОМУР — текст песни

     

     

    Өмүр, багытым таппай,
    издеп күйүп-жансам да,
    Өмүр, тагдырда жан үрөп
    мен өңдөн азсам да,
    Өмүр, бакытты азап жандап
    түйшүк тартсам да,
    Мен сени сүйөм, өмүр,
    Мен сени сүйөм, өмүр…
    Алдымдан азгырып чакырдың, ай,
    Алдың го жаштыктын жазын далай.
    Антсең да сыйлоого акым бар, ай,
    Мен сени сүйөм, өмүр…
    Берерин билбеймин али эртеңдин,
    Тирүүлүк билигин араң тердим,
    Тар жолдо миң аксап, жүз күйсөм да,
    Мен сени сүйөм, өмүр…

     

    (intro)
    Өмүр, жетерде бийиктикке
    кулап калсам да,
    Өмүр, өйдөлөп кайра
    турар кубат алсам да,
    Өмүр, алдыңа далай
    сынып ыйлап барсам да,
    Мен сени сүйөм, өмүр,
    Мен сени сүйөм, өмүр…

     

    Алдымдан азгырып чакырдың, ай,
    Алдың го жаштыктын жазын далай.
    Антсең да сыйлоого акым бар, ай,
    Мен сени сүйөм, өмүр…
    Берерин билбеймин али эртеңдин,
    Тирүүлүк билигин араң тердим
    Тар жолдо миң аксап, жүз күйсөм да,
    Мен сени сүйөм, өмүр…
    Мен сени сүйөм, өмүр…

     

    Өмүр, күз болуп салдың мени
    сагынычтарга,
    Өмүр, учурдуң кээде ак кар
    бурганактарга.
    Өмүр, көктөмдөй сага
    бирок али куштармын.

     

    Мен сени сүйөм, өмүр,
    Мен сени сүйөм, өмүр…
    Алдымдан азгырып чакырдың, ай,
    Алдың го жаштыктын жазын далай.
    Антсең да сыйлоого акым бар, ай,
    Мен сени сүйөм, өмүр…
    Берерин билбеймин али эртеңдин,
    Тирүүлүк билигин араң тердим
    Тар жолдо миң аксап, жүз күйсөм да,
    Мен сени сүйөм, өмүр…
    Мен сени сүйөм, өмүр…
    Мен сени сүйөм, өмүр…
    Мен сени
    күтөм,
    өмүр…

     

     

    Поделиться в соц. сетях

    Клип смотреть






    Другие песни этого автора:




    Похожие песни:


    Комментарии 1

    • Автор слов: Жадыра байбуланова
      Автор музыки: Роза Элкожа

      Мирбек Атабеков и Алтынай Нарбаева просто исполнители

    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован.