Мирбек Атабеков - Суранамын кечир мени

Мирбек Атабеков — Суранамын кечир мени



Скачать
Слушать


Автор
  • Мирбек Атабеков
  • Жанр
    Битрейт 192 кбит/с
    Размер 5,173 МБ
    Кол-во скачиваний 2093


    Текст песни — Мирбек Атабеков — Суранамын кечир мени

     

    Азгырылып, сезим менен ойноп,
    Айрылдым өзүңдөн,
    Биздин сүйүүбүздү жомоктой ойлоп.
    Сага жагыш үчүн издөө айла,
    Жалган айтып, алдадым,
    Сени жоготуудан коркуп анда.

     
    Кайырма 1:
    Көрбөптүрмүн сендей жанды,
    Көздөрүңдө сыйкыр барбы?
    Көңүлүмдөн орун алдың, орун алдың.
    Жан дүйнөмдүн тынчын алып,
    Жалын болуп күйүп, жанып, кеттиң алыс,
    Сенсиз калдым эми жалгыз!

     
    Жүрөгүмдү ээлеп алдың,
    Бар дүйнөмө бүрөк салдың,
    Жалын болуп күйүп жаным,
    Күйүт салдың.
    Бакыт сен жок сезилбеди,
    Жүдөттүң го сезимимди,
    Сагынычка эзбей эми,
    Келчи деги,
    Суранамын, кечир мени!

     
    Алоолонуп жүрөк кезип кайра,
    Ар дайым эсимде,
    Ал күндөрүм менин соолубас дайра.
    Эми сезимдерим издөө айла,
    Жалгыздыкка кезигем,
    Сенин «Сүйөм» — деген сөзүң кайда?

     
    Кайырма 2:
    Көрбөптүрмүн сендей жанды,
    Көздөрүңдө сыйкыр барбы?
    Көңүлүмдөн орун алдың, орун алдың.
    Жан дүйнөмдүн тынчын алып,
    Жалын болуп күйүп, жанып, кеттиң алыс,
    Эми сенсиз калдым жалгыз!

     
    Жүрөгүмдү ээлеп алдың,
    Бар дүйнөмө бүрөк салдың,
    Жалын болуп күйүп жаным,
    Күйүт салдың.
    Бакыт сен жок сезилбеди,
    Жүдөттүң го сезимимди,
    Сагынычка эзбей эми,
    Келчи деги,
    Суранамын, кечир мени!

     
    Суранамын, кечир, суранамын!
    Кубанычым болуп,
    Кучагыма толуп, кайрылсаңчы,
    Сар-санаага алдырбай,
    Аясыңчы мени жалгыз калтырбай!
    Суранамын, кечир мени!

     

    Поделиться в соц. сетях

    Клип смотреть


    https://www.youtube.com/watch?v=ZYm3JvXPpKU



    Другие песни этого автора:




    Похожие песни:


    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован.