Текст песни — Мирбек Атабеков — Жалынам
Илебин өрттөп барам
Эрмебей көзүн карайм
Жамалың периштедей
Жайылып аппак каннат
Тазасың ааруу таңдай
Тамшанткан таттуу балдай
Алтыным алмаштырбайм
Жалгызымсын толгон айдай
Суранамын жалынам
Сен кетпечи жанымдан
Сезимдерим сага болгон
Таттуу экен баарынан
УУУУУ
Жыйнаган бактым болчу
Жылыткан сайын толчу
Гүл жыттанган гүлзар болсоң
Булбул болуп мага кончу
Себепсин жан ырыма
Жетээрмин кадырына
Ырыс менен сага кошкон
Ыраазымын тагдырыма
Кайырма