Мирланбек Давлатов — Унутпа мени — текст песни
Алысмын сенден алысмын,
Адаштык түдүү жактарга.
Элестер гана кездешет,
Ээндеп жалгыз жатканда.
Эргитип чөккөн көңүлдү,
Эстесем сени кээде ырдайм.
Бугумду сыртка чыгарып,
Жүрөмүн эстеп ардагым.
Унутпа мени, унутпа мени
Унутпа мени, унутпа мени
Эстейсиң мени сен дагы,
Убактын бөлүп бир өзүң.
Аман бол кайда жүрсөнда,
Адашып кеткен үмүтүм.
Баягы кезди ойлобой,
Колдогу учкан бакыттыр.
Ойлобо десе ойлобой,
Унутуп салба таптакыр.