Мыктыбек Нурланбеков — Кыялымсың



Скачать
Слушать


Автор
  • Мыктыбек Нурланбеков
  • Жанр
    Битрейт 128 кбит/с
    Размер 3,477 МБ
    Кол-во скачиваний 0


     

     

    Мыктыбек Нурланбеков — Кыялымсың — текст песни

     

     

    Көрүшкөндө капилет,
    Көркүң сезим козгогон.
    Көңүлүмдү бүт сен ээлеп,
    Күлкүң аалам кооздогон.

    Неге мурда көрбөгөм?
    Сенсиз жалгыз өңдөнөм.
    Сүйүү, бакыт, жылуулукту,
    Табат сенден жан дүйнөм.

    Сен
    Кыялым болдуң,
    Өзүңдө оюм.
    Өзгөчөсүң, башка сенин ордуң.
    Билсең сага,
    Күндө ашыкмын,
    Күндөй ачыксың,
    Издегеним сенин карааның.

    Элесиңе тойбогом,
    Элестетип ойгоном.
    Жаңы сезим сунгансың сен,
    Мурда менде болбогон.

    Жан дүйнөмө жакыным,
    Жасалмасыз жаркыным.
    Сени көксөп жүрөгүмдөн,
    Сени көздөй тартылдым.

    Сен
    Кыялым болдуң,
    Өзүңдө оюм.
    Өзгөчөсүң, башка сенин ордуң.
    Билсең сага
    Күндө ашыкмын,
    Күндөй ачыксың,
    Издегеним сенин карааның.

     

     

    Поделиться в соц. сетях




    Другие песни этого автора:




    Похожие песни:


    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    ➤