Назира Кадыева - Толгонуу

Назира Кадыева — Толгонуу



Скачать
Слушать



Автор
  • Назира Кадыева
  • Жанр
    Битрейт 192 кбит/с
    Размер 4,852 МБ
    Кол-во скачиваний 675


    Текст песни — Назира Кадыева — Толгонуу

    Күзөтчүдөй көз ирмебей күн-түнү,
    Тирүүлүктө түгөнбөгөн түйшүгү.
    Мен апамды кут төгүлгөн үй десем,
    Атам анын кармап турган түркүгү.

    Атам барда мен таптагы ылаачын,
    Атам менин бөксөрбөгөн кубатым.
    Күбөсү бул сен жараткан эрдиктин,
    Күрөштөрдө күнгө серпкен кулачын.

    Шаштым кетип бошоңдосо сабырым,
    Колдон алып оор жүктүн жарымын.
    Кыйын кезде кылт дедирбей дем берген,
    Атам менин терең жайган тамырым.

    Кубанчыма, кайгыма да тең шерик,
    Бул дүйнөдө жан болбостур сенчелик.
    Ак сарайым, алтын туткам кутманым,
    Мен дүйнөдө сен тургузган эстелик.

    Поделиться в соц. сетях

    Клип смотреть






    Другие песни этого автора:




    Похожие песни:


    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован.