Ошто спирт ичимдиктерин сатууга уруксат берилди

 

Ошто спирт ичимдиктерин сатууга уруксат берилди

 

Ошто спирт ичимдиктерин сатууга уруксат берилди.

 
Бул туурасында «Азаттыкка» Оштун комендатурасынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Анын айтуусунда, буйрук кээ бир мыйзамдарга шайкеш келбегендиги үчүн 16-апрель күнү кайра жокко чыгарылды. Мындай чечим кабыл алууга ишкерлердин, укук коргоочулардын кайрылуулары негиз болгон.

 

Ош аймагынын коменданты Малик Нурдинов 13-апрелдеги буйругу менен Ош шаарынын, Ноокат, Кара-Суу райондорунун аймактарында спирт ичимдиктерин сатууга убактылуу тыюу салган.

 

Коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында 22-марттан тартып өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган.

 

30-апрелге чейин аталган аймактардагы өзгөчө абалды узартуу жана Нарын шаарына, Ат-Башы районуна өзгөчө абалды киргизүү тууралуу 14-апрелде президенттик жардыгы чыгып, Жогорку Кеңеш макулдук берген.

 

Поделиться в соц. сетях

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *