Рыскелди Анаркул уулу — Кыргыз жери



Скачать
Слушать


Автор
  • Рыскелди Анаркул уулу
  • Жанр
    Битрейт 264 кбит/с
    Размер 8,195 МБ
    Кол-во скачиваний 129


     

     

    Рыскелди Анаркул уулу — Кыргыз жери — текст песни

     

     

     

    Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде,
    Аскасы көк асманга тийген кезде.
    Мен дагы жолго чыгам таңды тосо,
    Кучактайм ой-кырларын нурга кошо.
    Улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн,
    Сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн.

     

    Ысык-Көл жердин көркү, кырлар кашы,
    Адырлар көкүрөгү, токой чачы.
    Дайралар кан тамыры, чоку таажы,
    Седеби, топчулары, ар бир ташы.
    Кең жүздүү, гүл денелүү кыргыз жери,
    Күн жүздүү, берекелүү кыргыз жери.

     

    Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде,
    Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде.
    Көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде,
    Дил жаркып, таң күлкүсүн чачкан кезде.
    Көркүңө көрк кошулат, кыргыз жери,
    Сезилет ата-энелик мээримдери.

     

     

     

    Поделиться в соц. сетях




    Другие песни этого автора:




    Похожие песни:


    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *