Самара Сабирова — Кечиккен махабат — текст песни
Дайрадай чогу ага албай,
Махабат көлүн сүзө албай,
Ак сүйүүм сага аманат,
Жүрөктө калды айтылбай,
[Кайырма]
Кезиктиң, бакыт кезиктиң,
Жолуктуң, бирок кечиктиң.
Ача албай келем жабыркап,
Кезиккен бакыт эшигин.
Турмушта бирге баса албай,
Коломто отун жага албай,
Капаста калган куш сымал,
Талпынып келем уча албай
[Кайырма]
Атүгүл неге жолуктуң,
Кайгыга өзүм оолуктум,
Аппапак жолук салынып,
Боло албай калдым колуктуң.