Султан Садыралиев, Гулнур Сатылганова — Ала — Тоо көрккө келбейт эл болбосо.



Скачать
Слушать


Автор
  • Гульнур Сатылганова
  • Султан Садыралиев
  • Жанр
    Битрейт 240 кбит/с
    Размер 6,989 МБ
    Кол-во скачиваний 1161


     

     

     

     

    Аккан суу түз кеталбайт, сай болбосо,
    Караңгы жарык болбойт, ай болбосо,
    Чыракта билик күйбөйт, май болбосо.
    Талаанын көркү кайда, гүл болбосо?

     

    Гүл ачып, кубат албайт, күн болбосо,
    Акындар ырдай албайт, тил болбосо,
    Душманың жазганабы, сүр болбосо?
    Ала тоо көрккө келбейт, эл болбосо.

     

    Комуздан абаз чыкпайт, кыл болбосо,
    Сүйүнүп эл каалабайт, ыр болбосо.
    Аялдын көркү кайда, чач болбосо.
    Тоолордун салмагы аз, таш болбосо.

     

    Узакка кабар жетпейт, кат болбосо,
    Жигиттин наамы чыкпайт, март болбосо,
    Ак жүздө кызыл болбойт, нур болбосо,
    Сооданын иши жүрбөйт, пул болбосо,

     

     

    Нан чайнап жута албайсың, тиш болбосо,
    Балбандын аты чыкпайт, күч болбосо.
    Көздөгөн максатыңа жете албайсың,
    Колуңда бардык жарак бүт болбосо.

     

     

    Чарбанын көркү кайда мал болбосо,
    Сулуунун көркү болбос, кал болбосо.
    Ар кишин адашасын жол болбосо
    Өрдөк, каз кайда конот көл болбосо,

     

     

    Арчанын саясы жок, шак болбосо,
    Булбул куш кайда конот, бак болбосо
    Дайралар толкуп, ташпайт, сел болбосо
    Аргымак ат арыбайт, бел болбосо,
    Дыйканга түшүм кайда, жер болбосо,
    Ала-Тоо көрккө келбейт, эл болбосо!

     

     

     

    Поделиться в соц. сетях




    Другие песни этого автора:




    Похожие песни:


    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *