Сыймык Бейшекеев — Жамгыр симфониясы — текст песни
Жамгыр төгөт, жамгыр төгөт,
Жаңырыктайт айлана.
Жамгыр үнү көңүл бөлөт,
Жалгыз келем жай гана.
Кайырма:
Себелеген жамгырлардан,
Сенин үнүң угулат.
Тамчылардын музыкасы,
Табышмактуу туюлат.
Тамчылардын музыкасы,
Табышмактуу туюлат.
Чачтарымдан агылат суу,
Кол чатырга жашынбайм.
Симфония жамгыр үнү,
Ырдап турат тамчылай.
Кайырма:
Коюу туман далдасына,
Гүл бурак кез жашынган.
Ошондогу сенин үнүң,
Көрсө, жамгыр жашырган.
Симфония жамгыр үнү,
Жүрөк музун эриткен.
Кайрып берчи ал күндөрдү,
Уурдап бизден бекиткен.
Кайырма: