ТЕМИР ДАМИРБЕКОВ — ЭНСЕГЕНИМ СЕН — текст песни
Бал ширин сөзүң балкып ээриткен,
Наздуу күлгөнүң жүрөктү эзген,
Гүлдөрдөн тандап мен сага берген айым бол,
Мээримиң төгүп аярлап сүйгөн,
Жубайым болчу бир өмүр сүргөн,
Жанымда дайым жаркылдап күлгөн күнүм бол
[Кайырма:]
Сен асыл эркем, ашыкмын мен,
Сен энчиленген өмүрдө,
Асылым сүйүүдө жан сырым бол
Мен эңсеген.
Сүйкүмдүү сенин чийилген кашың,
Көңүлгө толгон керемет жансың,
Салаалап сенин шамалга учкан узун чачың,
Кылыктуу сенин эрке мүнөзүң,
Жылдыздай жанган сенин көздөрүң,
Болчу өмүрдө мен тилек кылган түгөйүм,
[Кайырма:]
Сен асыл эркем, ашыкмын мен,
Сен энчиленген өмүрдө,
Асылым сүйүүдө жан сырым бол
Мен эңсеген.