ТОКТОБЕК АСАНАЛИЕВ & МИРГҮЛ АСАНАЛИЕВА «Сен менин түшүмсүңбү?» — текст песни
Өттү мезгил сен өчпөдүң,
Сен өчпөдүң көңүлдөн.
Журөгүмдөн орун алдың,
Орун алдың көңүлдөн.
Неге билбейм түштө бирге,
Түштө бирге жашайсың.
Эске салып күндөрүмдү,
Көрүнгөн.
Өмүр атын миң чуркатып арытпай,
Махабатым миң жолугуп кайыптай.
Улам бийик, улам ыйык сезилди,
Бир кылымдан бир кылымга, жарыктай.
Издесем да канаттарым,
Канаттарым кайрылып .
Калсам дагы канча жылдар,
Канча жылдар айрылып .
Түн өткөрбөй түштө өзүң,
Түштө өзүң жомоксуң.
Каркырадай жазда келген,
Кайрылып.
Сөздөрүңдө жөндөмөдөй жөндөлүп,
Менде жашап калганыңа шерденип.
Ойгонсом түш, сен барасың жаркырап,
Унутуумдан учкан жылдыз өңдөнүп.
Ар бир күндүн сенден мага,
Сенден мага гүлдөрбү.
Сага айланып жашай берем,
Жашай берем күндөрдү.
Санаамда сен көргөн жакшы,
Көргөн жакшы тушумсуң.
Сага айланып жашай берем,
Түндөрдү.
Бир ыр болуп кайталанып, күүлөнүп,
Ойлорума күнү-түнү ширелип.
Сезимимдин күнүндөйсүң жаркытып,
Өмүрүмдү өзүңө сен имерип.
Өмүрүмдү өзүңө сен имерип.