Токтобек Асаналиев & Миргул Асаналиева — Сен менин тушумсунбу



Скачать
Слушать


Автор
  • Миргул Асаналиева
  • Токтобек Асаналиев
  • Жанр
    Битрейт 266 кбит/с
    Размер 10,094 МБ
    Кол-во скачиваний 2809


     

     

    Токтобек Асаналиев & Миргул Асаналиева — Сен менин тушумсунбу — текст песни

     

     

     

    Өттү мезгил сен өчпөдүң көңүлдөн,
    Жүрөгүмдөн орун алдың өмүрдөн.
    Недир билбейм түштө бирге жашайсың,
    Эске салып күндөрүмдү көрүндүң.

     

    Өмүр атын миң чуркатып арытпай,
    Махабатым миң жолугуп кайыптай.
    Улам бийик, улам ыйык сезилди,
    Бир кылымдан бир кылымга жарыктай.

     

    Издесем да канаттарым кайрылып,
    Калсам дагы канча жылдар айрылып.
    Түн өткөрбөй түштө өзүң жомоксуң,
    Каркырадай жазда келген кайрылып.

     

    Сөздөрүңдө жөндөмөдөй жөндөлүп,
    Менде жашап калганына шерденип.
    Ойгонсом түш, сен барасың жаркырап,
    Унутуумдан учкан жылдыз өңдөнүп.

     

    Ар бир күнүң сенден мага гүлдөгү
    Сага айланып жашай берем күндөрдү
    Санаамда сен көргөн жакшы түшүмсүң
    Сага айланып жашай берем түндөрдү.

     

    Бир ыр болуп кайталанып, күүлөнүп
    Ойлорума күнү-түнү ширелип
    Сезимимдин күнүндөйсүң жаркытып,
    Өмүрүмдү өзүңө сен имерип.
    Бир кылымдан бир кылымга жарыктай

     

     

     

     

    Поделиться в соц. сетях




    Другие песни этого автора:




    Похожие песни:


    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *