Улан Жаныбаев — Өзгөрдуң неге? — текст песни
Өзгөрдүм неге жүрөксүз жандай,
Жүрбөдүм беле сүйүүңө канбай.
Сезимим сенден түңүлдү окшойт,
Куладым бүгүн куураган талдай.
Түндөрү мага жанчу элең айдай,
Түпөйүм болуп түгөндүм шамдай.
Үмүтүм сенден чарчады окшойт,
Өзгөрдүм бүгүн жүрөксүз жандай?
Ырымдан мынтип чаташкым келди,
Бөтөн көз менен карашкым келди.
Жүрөгүң таш деп айтсаңда мейли,
Жаныңдан сенин адашкым келди.
Көңүлдүн төрү тийседа ташка,
Көзүңдү жууба керексиз жашка.
Сезимдер сенден алыстап кетти,
Сүйүүмдү талап кылбагын башка.