Жийдеш Идирисова — Наринай — текст песни
1-куплет
Жагымдуу сенин кулкуң
Кыялдарың миң түркүн
Ааламда баары сен үчүн
Табышмак сенин сырың
Жанырат булбул ырың
Сезимге бөлөп бардыгын
Припев:
Таңдай,жаңы аткан таңымдай
Кайдан келдиң Наринай?
(таңдай,агарып аткан таңдай)
Жаздай,жыпар гүлдүү жазымдай
Кандай жансың Наринай?
(жаркып,жаркып келген жазымдай)
Бийле,бийле,бийле бийикке алгалай
Наринай,Наринай!
Бийле,бийле,бийле бийикте жаным ай
Наринай,Наринай!
2-куплет:
Жалындуу сезим жанат
Жан дуйнөңдө махабат
Алдыга сени чакырат
Келечекте куч кубат
Ар дайым курчап турат
Бул жашоо кызык саякат
Бридж:
Жаратканым сени колдоп
Берсин аруу тилегин
Жакшылыктар сени жолдоп
Сага болсун тирегиң
Ийгилигиң эгиз болуп
Демин берсин жаныңа
Кубантып сени дайыма
Кубантып сени дайыма
Текст:
Болсун,
Бакыт кушу сана консун
Жаркыра маанай
Сенде болсун бак-таалай
Толсун,
Махабатка жүрөк толсун
Жароокер кыз ай
Наринай,Наринай!