АСЕЛЬ КАДЫРБЕКОВА — ЖУРСОМ ЖАНЫНДА — текст песни
Кыялым күн сайын алыска алып учат
Күткөндөй бакытка сен менен жайып кучак
Күн сайын үмүтүм сүйүүгө айланууда
Бакытка бөлөнүп жүрөк да таң калууда
Жактырам өзүңдү гана
Ак сүйүүм арналат сага
Жүрсөм дейм дайым жаныңда, жаныңда
Махабат гүлдөй жалында
Жүрөктө сезим барында
Бакытым өзүңдүн жаныңда
Сен менен ачылат бүркөлгөн асмандагы
Өзүңсүз жылмайбайт күн дагы ак таң дагы
Кайталап айттырып бир сага эркелеймин
Ашыктык сөздөрүн күн сайын айтсаң дагы
Жактырам өзүңдү гана
Ак сүйүүм арналат сага
Жүрсөм дейм дайым жаныңда, жаныңда
Махабат гүлдөй жалында
Жүрөктө сезим барында
Бакытым өзүңдүн жаныңда