Гулзада Бекмурат кызы & Толкунай Алмазбек кызы — Каниет ыры



Скачать
Слушать


Автор
  • Гулзада Бекмурат кызы
  • Толкунай Алмазбек кызы
  • Жанр
    Битрейт 235 кбит/с
    Размер 5,875 МБ
    Кол-во скачиваний 165


     

     

    Гулзада Бекмурат кызы & Толкунай Алмазбек кызы — Каниет ыры — текст песни

     

     

     

    Өмүр менен жашымды,
    Арнаймын деп мен элге.
    Мен да жүрөм мекендин,
    Эң керектүү жеринде.
    Өтүп жаткан өмүрдү,
    Токтотууга ал кайда?
    Ага болгон кумарым,
    Жашарткандай ал кайра.

     

    Кайырма:
    Түйшүктөнүп кайра эле,
    Түбү бүтпөс санаамдын.
    Ошон үчүн тирүүмүн,
    Ошон үчүн адаммын.
    Мен өмүрдүн четинен,
    Кетилгенин сезгенде.
    Мазем кетип жанымды,
    Батыра албайм эч жерге…

     

    Күндөр жылат агылып,
    Жамгыр төгүп өткөндөй.
    Жашай албай сагынып,
    Жазды күткөн көктөмдөй.
    Эмне мынча кызылдап,
    Калуучудай кечигип?
    Ал ансайын четинен,
    Өмүр барат кетилип.

     

    Өнүп чыккан гүл көрдүм,
    Басып өткөн изимден.
    Муңум тарап көңүлдөн,
    Топук кылам ичимден.
    Ошон үчүн тирүүмүн,
    Ошон үчүн адаммын…

     

     

     

    Поделиться в соц. сетях




    Другие песни этого автора:




    Похожие песни:


    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *