СУЛТАН САДЫРАЛИЕВ & ЧЫНГЫЗ ТУРДУБЕКОВ — КАЙДАСЫН — текст песни
Билинбей күндөр узап,
Сагынычым үмүт менен жол карап.
Жалындап күйүп-жанат,
Көңүлдөгү жандырмаксыз табышмак.
Кайырма:
Кезигүүнүн издеп келем айласын,
Ойлор курчайт таппачудай пайдасын.
Супсак сымал күңүрт алып айлана,
Жалгызсырап буулугамын, кайдасың?
Тамчылайм ак жамгырдай,
Шаркыраймын көл издеген агындай.
Асманда жалгыз куштай,
Теңселемин шамал соккон булуттай.